Жаңылыктар
Аксы району карантинге алынды
Аймак
Аксы району карантинге алынды

Райондук мамлекеттик администрациянын аппарат башчысы Мирлан Сагынбаев билдиргендей, учурдагы абалга байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилип, учурда көзөмөл түйүндөрү орнотулуп, жарандардын көчөгө себепсиз чыгуусуна тыюу салынды. 

Кербен шаарына зарыл иши бар адамдар атайын дүмүрчөктүн негизинде гана киргизилет. Мындан сырткары дүкөндөр, тамактануучу жайлар кечки саат 8ден кийин жабылат. Эске салсак, буга чейин Аксы районундагы Сары-Челек жана Падыша-Ата эс алуу жайларына туристтер киргизилбей турганы айтылган.