Жаңылыктар
Хакерлер Twitter компаниясына чабуул жасады
Дүйнө
Хакерлер  Twitter компаниясына чабуул жасады

Twitter тармагында алдамчылык кылгандар боюнча АКШнын Федералдык тергөө бюросу териштирүү иштерин баштады. Ал эми федералдык тергөө бюросу элди этият болууга чакырды. 

Twitter компаниясы хакерлик кол салуу социалдык жолдор менен атайын пландалганын билдирет. Билл Гейтстин баракчасынан бөлүшүлгөн билдирүүдө "Акчамды барына бөлүшкүм келет. Мага миң доллар бергенге мен эки миң доллар жиберем”,-деген жазуу болгон. 

Кол салгандардын өздүгү азырынча тактала элек. Ал эми баракчалардан бөлүшүлгөн билдирүүлөрдүн бир бөлүгү cryptoforhealth.com аттуу сайтка багытталган. Хакерлер BitCoin эсебине 100 миң доллардан ашык акча которууга үлгүрүшкөн.