Жаңылыктар
Ташкент Isuzu Ambulance үлгүсүндөгү 27 тез жардам унаасын сатып алды
Дүйнө
Ташкент Isuzu Ambulance үлгүсүндөгү 27 тез жардам унаасын сатып алды

Ташкент шаардык администрациясы Самарканддагы SamAuto заводунда өндүрүлгөн 27 реанимациялык тез жардам унаасын сатып алды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ISUZU D-Max пикап унаасынын базасында өндүрүлгөн ISUZU AMBULANCE тез жардам автоунаасы Ташкентке жеткирилди.

Өткөн жумада Өзбекстандын башкы прокурору Нигматилла Юлдашев президенттин тапшырмасы менен тез жардам кызматынын иши жакшыртыларын билдирген. Анын айтымында, жарандардын чалуулары тезирээк иштелип чыгып, тез жардам унаасы 15 мүнөттөн кем эмес убакытта барышы керек болот.

Башкы прокурордун бул билдирүүсүнөн кийин Ташкенттин тез жардам кызматы пандемияга каршы күрөшүү үчүн аларга кызматкерлер жана ресурс жетишпей жатканын айтып чыгышкан.