Жаңылыктар
Коронавирус: Дүйнөдөгү абал - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирус: Дүйнөдөгү абал - Кыргызстан жаңылыктары

АКШда оору жуктургандардын саны өсүп жатканына карабай, Виргиниянын жээктери эс алуучуларга жык толгон. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрилиги соңку суткада 12 миңден ашык адам илдетти жуктурса, 90 киши көз жумганын билдирди. Ушул тапта АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 3,7 миллиондон ашты.

Таажы тумоосун жуктургандар боюнча АКШдан кийинки орунда Бразилия турат. Бул мамлекетте оору 2 миллиондон ашык адамга жуккан. Мындан улам өлкө бийлиги бир катар чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болду.

Дүйшөмбүдөн тарта Франция өлкөсү коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында катуу чара киргизет. Эми жабык имараттарда, коомдук жайларда, аялдама, бекеттерде беп кап тагынып жүрүү милдеттендирилди. Айтсак бир аптанын ичинде ооруканаларга коронавирустун белгилери менен кайрылган адамдардын саны кескин көбөйгөн. Азыркы тапта Францияда күнүнө 300 миңге жакын ковид-19га карата тесттерди жүргүзүшүүдө.

Ал эми Улуу Британия акырындык менен күнүмдүк жашоого кайта баштады. Англиянын миллиондогон жарандар жумуштарына да чыкканы турат. Улуу Британия жугуштуу оорудан катуу жапа чеккен мамлекеттердин катарында. Ковид-19 өлкөдө 45 миңге чукул жарандын өмүрүн алды. Британиянын премьер-министринин айтымында эгерде абал курчуп кетсе кайрадан чектөөлөр киргизилет.

Ал эми коңшу Казакстанда бир күн ичинде коронавирусту 1 миң 499 жаран жуктурган. Жаңы катталган учурлардын ичинен 793 жаранда оорунун белгилери байкалса, 706 адамда оору белгисиз өтүп жатканы тастыкталган. Өлкө боюнча коронавирус жалпы 71 миң 838 адамда аныкталган.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 14 млн 508 миң 892 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 606 миң 206 киши каза болду. Ал эми 8 млн 134 миң 747 адам оорудан айыкты.