Белгилүү ырчы Малик Аликеевдин эки жолку операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Кечээ, 20-июлда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкек шаарындагы №4 ооруканасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүндө дарыланып жаткан Малик Аликеевден кабар алды.
Буга чейин ырчыга аталган ооруканада жамбаш сөөгүнө операция жасала тургандыгы айтылып, дарылоонун жүрүшү жана Малик Аликеевдин ал - абалы министрдин көзөмөлүндө боло тургандыгы айтылган.
Учурда Малик Аликеевге жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакынкы күндөрдүн ичинде ырчы ооруканадан чыгып, эми чыгармачылыгы менен алектенет.