Жаңылыктар
“Азия Микс”: ийгиликтин сыры - ынтымакта
Кыргызстан жаңылыктары
“Азия Микс”: ийгиликтин сыры - ынтымакта

Азил-тамашалары, куйкум сөздөрү менен белгилүү болгон “Азия Микс” командасы кезектеги оюндарга даярдык көрүүдө. Бул жолу да шайырлар жана тапкычтар клубунун тайпасы байгелүү орунду багындарыбыз деп турат. 

Кыргызстандын атагын алыска чыгарып, байгелүү орундарды ээлеген тайпанын ийгилик сыры анын курамында. Ар кайсы улуттардын өкүлдөрүнөн турган тамашакөй команданы ынтымак ширелтип турат.

“Азия Микс” командасын мыскыл менен тамашаны сүйгөн күйөрмандар жакшы билет. Ар улуттун шайыр жана тамашакөй жаштарынан куралган тайпа шайырлар жана тапкычтар клубунда боорду эзген азил, шакабалары менен атакка жетти. Алардын тамашалары калың элге сиңип, КВНде байгелүү орундарды багындырып келет. Бул жетишкендиктин аркасында опол тоодой эмгек турат. Бирок биздин ийгиликтин ачкычы - ынтымактуулук менен бир максатты көздөп умтулганыбызда -дейт команда мүчөлөрү.

Кыргыз, орус, тажик менен өзбек улутунун өкүлдөрүнөн турган топтун мүчөлөрү бир да жолу улутка байланыштуу талаш-тартыш болбогонун, тескерисинче дайыма улуттардын өзгөчөлүктөрүн, тилин, маданиятын аралаштырып тамаша кураарын айтышат. Дал ушул тамашалар аларды башкалардан айырмалап турат. Башка аталышты алып жүргөн долбоор адегенде Кыргызстандын аймагында гана таанымал болсо “Азия Микстин” атагы чукугандай сөз тапкан куйкум тамашалары Орусиянын борбордук телеканалына чыккандан кийин ого бетер арткан.
Тамашакөйлөр тайпасынын ар бир мүчөсү “Азия Миксти” ийгиликке жеткирүүгө зор салым кошуп келет. Алардын биримдиги, ынтымагынан жаралган куйкум тамашалар Кыргызстанга атак алып келүүдө. Бөлөк тилдер, түркүн маданият, бирине-бири окшошпогон каада-салтты - ынтымак гана бириктирип турат.