Жаңылыктар
Мирзиёев коронавируска каршы күрөшүүдөгү иштерди сынга алды
Дүйнө
Мирзиёев коронавируска каршы күрөшүүдөгү иштерди сынга алды

Өзбекстан президенти пандемияны ооздуктоо үчүн жер-жерлерде ырааттуу иш жүргүзүлбөй жатканын сынга алды.

Бул тууралуу Шавкат Мирзиёев пандемия боюнча өлкөдөгү абалга байланыштуу өткөн видеоселектордук жыйында билдирди.

Онлайн жолугушууда Мирзиёев алгачкы медициналык жардам берүү борборлору, башкача айтканда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күнү-түнү иштөө режимине өтпөгөнүн сынга алды.

Президент билдиргендей, Ташкент шаарындагы бейткапканаларда 50дөн 200гө чейин киши иштейт, бирок алар бейтаптарды күндүн биринчи жарымына чейин гана кабыл алышат.

Ал ар бир клиникада үч дарыгерден турган мобилдүү топ иштеши керек экенин, алар COVID-19 вирусунун белгилери байкалбаган жана илдетти жеңил түрдө өткөрүп жаткан бейтаптарга кеңеш бериши абзел экенин белгиледи. Дээрлик бардык клиникаларда рентген кабинеттери бар, көбү колдонулбай турат.

"Эгер бул клиникалар калкка эффективдүү патронаждык кызмат көрсөткө, 103 тез жардам кызматына күч келбей, калк арасындагы дүрбөлөңдү жоюуга болот", - деди Мирзиёев.

Жыйында Ташкенттеги 75 бейтапканага калкка күнү-түнү кызмат көрсөтүүгө тапшырма берилди.