2020-жылдагы Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. 22-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 30-июль арапа күнү, 31-июль Курман айт майрамы.
Курмандык чалуунун өкүмү
Алла Таала Курани каримде “Эми эгеңе (сыйынып) намаз оку жана курмандык чал”- деп айткан, (Кавсар,2). Ошондой эле Пайгамбарыбыз “Оо адамдар! Ар бир үй ээси жыл сайын курмандык чалсын”-деп айткан. (Мушкилул аасар,1058). Курмандык тууралуу Пайгамбарыбыздын айткан башка хадистери да бар.
Курмандыктын өкүмү
Колунда бар бай эркекке да аялга да курмандык чалуу важиб, тактап айтканда милдет. Курмандык — бул биздин тирүү жүргөнүбүз үчүн Кудай Таалага болгон шүгүр келтирүү, Ибрахим пайгамбардын мурасын тирилтүү, биздин кетирген ката-кемчиликтерди Алла Таала кечирсин деп кылынган амал.
Кандай гана ибадат болбосун ниетке муктаж. Курмандык амалында да Кудай Таалынын өкүмүн аткарып жатам деген ниет болуусу зарыл.
Курмандык чалынуучу күндөр
Курмандык зул-хижжа айынын онунчу, он биринчи жана он экинчи күндөрү айт намазынан кийин чалынат. Курмандыкты курман айтка чейин алып даярдануу сооптуу иш. Биринчи күнү чалынганы артыгыраак. Түндөсү курмандык чалуу макрух.
Курмандык чалынчу малдар
Курмандыкка бодо малдар тактап айтканда төө, уй жана койлор жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле жылкы да курмандыкка чалынбайт.Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан ашыш керек. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан чоң болушу зарыл. Пайгамбарыбыз ага Алланын саламы жана салаваты болсун: “Койдун козусу кандай жакшы курмандык”- деп айткан, (Тирмизи,1499).
Курмандыкка чалынчу мал бүтүн болушу зарыл. Тактап айтканда көр, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилгендер курмандыкка жарабайт. Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган мал курмандыкка жарайт.
Курмандык канча адамдын атынан чалынат ?
Кой менен эчкинин курмандыгы жалгыз адамдын атынан болот. Ал эми төө менен уйду жети адам биригип курмандык чалса болот. Жети адамдан ашса болбойт.
Курмандыкка союлган малдын эттин бардыгын садака кылып берсе болот. Ошондой бардыгын алып калса да болот. Бирок, эң жакшысы үчтөн бирин садака кылып, дагы бир үчтөн бирин туугандарына жана досторуна коноктогону алып, калган үчтөн бирин өзүнө сактап койсо болот. Алла Таала “..Качан алардын жамбаштары (жаны чыккандан кийин) өзүңөр жеп, муктаждарга да, муктаж эместерге да жегизгиле..”-деп айтка, (Хаж,36).
Курмандыктын терисин, этин, жүнүн, баш шыйрактарын сатканга болбойт. Пайгамбарыбыз ага Алланын саламы жана салаваты болсун “Ким курмандыктын терисин саткан болсо, анда анын курмандыгы жарабайт” –деп айткан, (Таргиб ваттархиб,2/161, Хаким, 2/422) Ошондой эле кошумчалап эскертип кетчү нерсе, касапчынын акысы курмандыктан берилбейт.
Алла Таалам биздин бардык кылган амал ибадаттарыбызды, чалган курмандыктарыбызды кабыл кылып, элибизди ар кандай оору, балээлерден алыс кылган болсун.
Муфтияттын расмий баракчасынан алынды.