Жаңылыктар
Centerra Gold компаниясынын айрым кызматкерлерине дагы бир кылмыш иши козголду
Кылмыш
Centerra Gold компаниясынын айрым кызматкерлерине дагы бир кылмыш иши козголду

Centerra компаниясынын кызмат адамдарына карата Башкы прокуратура тарабынан жаңы кылмыш иши козголду. Маалымдалгандай, жаңы кылмыш иши компаниянын менеджерлерине карата козголду. Аларга кызмат абалынан пайдаланып, "Кумтөрдүн" активдерин чыгаруу боюнча каржылык операцияларга катышкан, Кыргызстанды чыгымга учураткан деп айып тагылууда. Бул кылмыш иши компаниянын айрым коммерциялык келишимдерине тиешелүү. 

Алсак, алар - товарларды сатып алуу, чарбалык иштерине керектелген материалдар жана 2014-2015-жылдар аралыгында лагерди көчүрүүгө керектелген чыгымдар. 

Centerraнын билдирүүсүндө, Башкы прокуратура компаниянын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, бул иш боюнча документтер менен маалыматтарды алып кеткен.

Тергелип жаткандардын аты-жөнү ачык айтылган эмес. Centerra белгилегендей, чек ара кызматы компаниянын айрым топ-менеджерлерине Кыргызстандан чыгууга убактылуу тыюу салынганы тууралуу билдирүү жөнөткөн. 

Бирок Centerra Gold жана Kumtor Gold Company кызматкерлердин кандайдыр бир мыйзамсыз коммерциялык операцияларга тартылгандыгын четке кагууда. 

Ал эми Башкы прокуратуранын аракетин кен казган компания Кыргызстандын сот органдарында жана эл аралык арбитраждык сотто мыйзам аркылуу териштиргени жатат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118