Жаңылыктар
ЖКнын V чакырылышы криминалдуу чакырылыш болду
Саясат
ЖКнын V чакырылышы криминалдуу чакырылыш болду

Түркиянын  президенти Режеп Тайип Эрдоган  депутаттардын кол тийбестигин алып салуу боюнча  мыйзамына кол койду. Аталган мыйзам долбоору май айында көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынган.  Ал эми  Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарынан  кол тийбестикти  алуу 5-чакырыштын  айрым эл өкүлдөрү тарабынан да сунушталып, бирок колдоо тапкан эмес. Өткөн  парламенттик  шайлоо алдында  депутаттыкка ат салышкан партиялардын  көпчүлүгү  кол тийбестикти алып салабыз деп эл алдында  айтышканы менен  бул маселе азырынча  программада жазылган, эл алдында берген убада катарында  калууда.

Өлкө көз карандысыздыгын алган жылдардан бери Жогорку  Кеңештин V чакырылышы эң эле криминалдуу чакырылыш болду деп  айтышат талдоочулар. Буга Башкы  прокуратуранын  өткөн жылы  120 депутаттын 14үнүн үстүнөн кылмыш ишинин козгошу  себеп. Жоопкерчиликке  чакырылгандардын тизмесинде  Нариман Түлеев, Садыр Жапаров, Камчыбек  Ташиев, Талант Мамытов, Акматбек  Келдибеков, Нурлан Сулайманов, Урмат Аманбаева, Элмурат Обдунов, Исхак  Пирматов,  Курманбек Осмонов, Нурбек  Мурашев, Каныбек Осмоналиев жана  Карганбек  Самаков өңдүү  депутаттар кирет.  Анын ичинен  Нариман Түлеев гана  мамлекетке келтирген ири суммадагы  чыгымды төлөп берип, жакында  эркиндикке чыкты. Арасында  сот  иштери азыркы күндө деле уланып жаткандары, саламаттыгын шылтоолоп өлкөдөн чыга качкандары, кесиптештеринин калканычында корголуп, калгандары эки тарап келишип  кутулуп кеткендери жана   иши тергөөдө  жүргөндөр  бар. Булар  кол тийбестик жардам бере  албай калган учурлар  дешет талдоочулар.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”