Жаңылыктар
Клексан дарысын негизсиз кымбат саткандар
Кыргызстан жаңылыктары
Клексан дарысын негизсиз кымбат саткандар

Бишкектеги дарыканалардын биринде клексан дарысын эки эсе кымбат саткандар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди. Каржы полициянын кызматкерлери Москва көчөсүндө жайгашкан дарыканадан клексан дарысынын бир таңгагын 8 миң сомго сатып алган. 

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Канды суюлтууга жардам берген клександы учурда коронавируска чалдыккандар ичип жатат. Ал ооруканаларда болжолдуу түрдө 4 миң сомдон сатылат. 

Бирок ал тартыш болгондуктан айрым ооруканалар менен алып сатарлар баасын кыйла жогорулатып жатышкан. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы азыркы кырдаалда дарынын баасын ашыкча көтөрүп жиберген фактылар болсо 1955 ишеним телефонуна чалууну жарандарга эскертет.