Жаңылыктар
Милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөтү 2020-жылга жылышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөтү 2020-жылга жылышы мүмкүн

Автоунаа менен турак жайды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамынын  күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдыруу демилгеси Жогорку Кенештин жыйынында талкууланды. Анда демилгечи депутаттар камсыздандыруу мыйзамдарынын күчүнө кирүүсү менен, жарандардын, өзгөчө жакыр бүлөлөрдүн чыгымдары көбөйүп, алардын материалдык абалына терс таасирин тийгизерин жүйө келтиришти. Ал эми аталган мыйзамга өз учурунда Юстиция министри болуп турган Алмамбет Шыкмаматов кол койгонун Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Санжар Мукамбетов айтып чыкты.

Ошентип бир нече талкуудан соң, автоунаа менен турак жайды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдыруу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

С. Идирисов, “Биринчи радио”