Жаңылыктар
Муфтият: "Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет"
Кыргызстан жаңылыктары
Муфтият: "Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет"

Мусулмандардын Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 22-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 30-июль арапа, 31-июлда Курман айт майрамы өтөт. 

Курмандыкка бодо мал, төө, уй, топоз жана кой менен эчки союлат. Союлган малдын терисин, этин, жүнүн, баш шыйрактарын сатканга болбойт. Ал эми жапайы кийик, аркар-кулжа, элик жана жылкы курмандыкка чалынбайт. Курмандыкка чалына турган мал сокур, аксак, оорукчан, арык, кулагы жана куйругу кесилбеген болушу керек.