Жаңылыктар
Россиядан 165 мекендеш келди
Мекендештер
Россиядан 165 мекендеш келди

Бишкекке Санкт-Петербургдан 165 кыргызстандык кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мекенге кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу бул каттам менен келе турган жарандардын тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүү боюнча ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан түзүлгөн. 

Тизме кыргызстандык жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде гуманитардык критерийлерге ылайык жүргүзүлдү. Каттам менен Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар, оор илдети бар жана Россияга хирургиялык операция, башка медициналык тейлөө алуу үчүн баргандар, жакын тууганы каза болуп барган жарандар учуп келди. Андан тышкары коронавирус менен болгон күрөштө кыргызстандык кесиптештерине жардам берүүнү каалаган үч дарыгер келди.