Жаңылыктар
Помпео: АКШ Кытайдын таасирине каршы туруу үчүн коалиция түзүүнү каалайт
Дүйнө
Помпео: АКШ Кытайдын таасирине каршы туруу үчүн коалиция түзүүнү каалайт

Вашингтон Кытайдын таасирине каршы туруу үчүн эл аралык коалиция түзүүнү каалайт.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Лондондо Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана тышкы иштер министри Доминик Рааб менен жолуккандан кийин билдирди.

Помпео британ премьери менен сүйлөшүүлөр «конструктивдүү» болгонун белгилеп, «эркиндик менен демократияны түшүнгөн жана баалаган» өлкөлөрдү Кытайдан келип жаткан коркунучтарды мойунга алууга чакырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Гонгонгдогу абалды, Шинжаң автоном облусундагы адам укуктарынын бузулушун, ошондой эле мобилдик байланыш тармагындагы кытай технологияларынын жайылышын да талкуулашты. Мындан тышкары Брекзиттен кийинки эркин соода тууралуу америка-британ макулдашуусу жөнүндө сөз кылышты.

АКШ Бээжинди алгачкы күндөрү коронавирус пандемиясын жашырууга, өлкөдөгү адам укуктарнын бузулушуна жана киберкаракчылыкка айыптап келет.