Жаңылыктар
Сырттан келген каражаттын кайсы багытта сарпталары маалым болду
Кыргызстан жаңылыктары
Сырттан келген каражаттын кайсы багытта сарпталары маалым болду

Пандемия учурунда Кыргызстанга сырттан келген акчанын ичинен 148 млн доллар колдонула элек. Ал кайсы багытка жумшалары тууралуу биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат берди.

“Сырттан келген 148 млн доллар каражат учурда Улуттук банктын эсебинде турат, ал сумманын 121 млн доллары – Эл аралык валюта фондунун экинчи траншы. Бул жардамдын 80 млн доллары – 5 жылга, 40 млн доллары 10 жыл мөөнөткө карызга берилгендиктен, биз бул каражаттарды кайрадан төлөөгө жеңил болуш үчүн алгач экономиканы кайра жандандырууга жана ишкердикти колдоого жумшалары пландалууда. Андан сырткары, коронавирус илдети менен күрөшүүгө муктаждыктар болсо ошол жакка дагы сарпталат”, - деп билдирди КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев