Жаңылыктар
Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды
Аймак
Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгына (Южный кичи району) 120 орундуу жаңы бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Шаар мэри бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатканын айтып, ар бир кичи районго бала бакча куруу пландалганын билдирди.

“Заманбап бала бакча курулат. Курулуш иштери жылдын аягына чейин аяктайт. Бүгүнкү күндө 2 бала бакчанын курулушу бүттү. Бала бакчаларга уруксат берилгенде ишке кирет. Мындан тышкары 3 жерде бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Биздин максат бала бакчалардын санын көбөйтүп, балдарыбызды тарбиялоо”,-деди шаар мэри.

Южный кичи районуна курулушу башталган бала бакчанын тендердин баасы 25 млн 970 миң сом.