Жаңылыктар
Бокс дүйнөсүнүн атактуу жылдыздары Майк Тайсон менен Рой Жонс сентябрь айында беттешет
Спорт
Бокс дүйнөсүнүн атактуу жылдыздары Майк Тайсон менен Рой Жонс сентябрь айында беттешет

Бокс дүйнөсүнүн атактуу жылдыздары Майк Тайсон менен кенже Рой Жонс сентябрь айында рингде беттешээри маалым болду. Чет элдик басылмалар жазышкандай спортчулар келишим түзүүгө кам көрүүдө. Таймаштын кайсы күнү болоору ушул аптада белгилүү болот. Беттеш АКШда сентябрь айында 8 раунд менен өткөнү турат. 

Тайсон буга чейин рингге кайткысы келгенин айтып жүргөн. Ал акыркы жолу 2005-жылы ирландиялык Кевин Макбрайд менен күч сынашып, жеңилип калган. 54 жаштагы спортчу 58 мелдеш өткөргөн. 

Элүү кармашта жеңишке жетип, анын ичинен 44үндө аттандаштарын нокаутка сулаткан. Алты ирет жеңилип, эки мелдеши болбой калган. Ал эми кенже Рой Жонс азыр 50 жашта. Анын куржунунда 66 жеңиш болсо, 47си нокаут менен аяктаган. Тогуз ирет утулуп калган.