Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда сарымсактын түшүмү жыйнала баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда сарымсактын түшүмү жыйнала баштады

Ысык-Көл облусунда сарымсактын түшүмү жыйнала баштады. Дыйкандардын айтымында быйыл түшүм абдан жакшы болчудай. Облустук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча быйыл жалпы Ысык-Көл облусунда тогуз жүз отуз эки гектар жерге сарымсактын ар кандай сорттору айдалган. 

Сарымсак негизинен Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондорунда көп өстүрүлүүдө. Ысык-Көлдө өстүрүлгөн сарымсакты ЕАЭБ аймагына экспортко чыгаруу шарттары жакшы. 

Азыркы тапта сарымсактын дүң баасы канча болоору белгисиз. Дыйкандар күз айларында бир килограммы 150 сомдон 250 сомго чейин чыгышы мүмкүн экенин божомолдоп жатышат.