Жаңылыктар
Кыргызстандык окуучу Менделеев эл аралык олимпиадасынан күмүш медаль тагынды
Билим
Кыргызстандык окуучу Менделеев эл аралык олимпиадасынан күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык окуучу Менделеев эл аралык олимпиадасынан күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл Менделеев эл аралык олимпиадасы Венгриянын Будапешт шаарында өткөрүлмөк. 


Бирок, пандемияга байланыштуу сынак онлайн өткөрүлдү. Ага катышкан кыргызстандык төрт окуучунун үчөө байгелүү орунга жетти. Каракол шаарындагы Карасаев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Нурсултан Соодонбеков күмүш медаль тагынды. 

Ушул эле лицейдин окуучу Кубанычбек Камиль коло медаль алды. Ал эми Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Камил Мамбетов дагы коло медалга татыды. Жыл сайын өткөрүлгөн олимпиадага жыйырмадан ашык өлкөнүн мектеп окуучулары катышат. Эл аралык олимпиада химия сабагы боюнча өткөрүлөт.