Жаңылыктар
Бир жашар баласын 17 миң долларга сатууга аракет жасаган аял кармалды
Дүйнө
Бир жашар баласын 17 миң долларга сатууга аракет жасаган аял кармалды

Сырдарыя облусуна караштуу Гулистон шаарында бир жаштагы баласын сатууга аракет жасаган келин кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Улуттук коопсуздук кызматынын Сырдарыя облустук башкармалыгы менен облустук ички иштер башкармалыгы биргеликте өткөргөн ыкчам иш-чаралардын алкагында бир жашар баласын сатууга аракет жасаган 25 жаштагы аял кармалган.

Маалыматка караганда, 21-июлда ыкчам кызматкер ортомчу болуп, келинге 17 миң доллар берген. Аял акча алып жаткан учурда кармалган.

Бул факт боюнча Сырдарыя облустук ички иштер башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө.