Жаңылыктар
Өзбекстанда эки эгиз төрөгөн келин дарыгерлер үчүнчү баласын бербей койгонун айтууда
Дүйнө
Өзбекстанда эки эгиз төрөгөн келин дарыгерлер үчүнчү баласын бербей койгонун айтууда

Фергана облусуна караштуу Язъяван районунун тургуну Фарида Гозиева кош бойлуу кезинде УЗИ аппараты үч эм көрсөткөнүн, кесерева жолу менен төрөгөн соң, дарыгерлер ага эки гана баланы беришкенин билдирүүдө.

Келин акушерлер анын үчүнчү баласы өлүп калганын жашырышууда деп эсептейт.

– Акыркы жолу 2-июлда текшерүүдөн өткөм. Дарыгерлер үч баланын тең жүрөгү жакшы согуп жатканын айтышкан. Биринчиси – 2 кг 800 гр, экинчиси – 2 кг 700 гр жана үчүнчүсү – 2 кг 500 гр болчу. 4-июлда мен Фергана облустук перинаталдык борборго операцияга жаттым. Эки кыз төрөлдү. Мага үчүнчү бала болбогонун айтышты. Бирок тонду көрсөтүшкөн жок. 7-июлда медайымдардын бири мен үчтү – эки кыз, бир уул төрөгөнүмдү, ал өлүп калганын айтып алды. Ошондуктан дарыгерлер үчүнчү баламдын өлүп калганын жашырышууда деп шектенип жатам, – деди Фарида Гозиева.

Бирок Фергана облустук перинаталдык борбордун башкы дарыгери Мадхия Суяркулова айыптоолорду четке кагып, УЗИ аппарат жаңылышып калганын айтууда.

– Биз Газиевага үч эм төрөй турганын айткан УЗИ адистери менен сүйлөштүк. Алар кемчиликтерин мойнуна алышты. Артефакт, башкача айтканда ультраүндүү аппараттын ишинде алешемдиктер болгон, – деди ал.

Фергана облустук прокуратурасы бул боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштады.