Жаңылыктар
Ош шаарынын ири базарлары залалсыздандырырылды
Аймак
Ош шаарынын ири базарлары залалсыздандырырылды

Өлкө аймагында жайылып жаткан коронавирус илдетин ооздуктоо максатында Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарында аймагына дезинфекциялоо иштери болуп өттү.

2020-жылдын 23-июль күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаарда жайгашкан 30 кичи дүкөн, 6 чач тарачкана, 14 навайкана, 8 май алмаштыруучу жай, 7 банк ошондой эле Бостон, Келечек, Борбордук базарлары, Кудайберди унаа тетик базары, Тешик-Таш мөмө-жемиш базары жана Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн имараты залалсыздандырылды.

Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында жүрүгүзүлүүдө.