Жаңылыктар
ОшТУ шаардык ооруканага жардам көрсөттү
Аймак
ОшТУ шаардык ооруканага жардам көрсөттү

Ош технологиялык университетинин жамааты жардам катары шаардык клиникалык ооруканага 3 кычкылтек концентраторун, медициналык респиратор жана коргонуучу кийимдерди беришти.

Аталган университеттин ректору Абдыкадыр Абидов баштаган жамаатты Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, ыраазычылык билдирди.

ОшТУ акыркы кырдаалга байланыштуу буга чейин да бир канча жардамдарды көрсөткөн.