Жаңылыктар
Ош шаарынын эки кичи районуна кошумча күндүзгү стационарлар ачылды
Аймак
Ош шаарынын эки кичи районуна кошумча күндүзгү стационарлар ачылды

Ош шаарынын Южный кичи районундагы медресеге 40 орундуу жана Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектептин спорт залына 40 орундуу күндүзгү стационар ачылды. Стационарга түзүлгөн шарт менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, медицина кызматкерлери менен жолугушту.

Күндүзгү стационарлар эртең, 24-июлдан тарта ишин баштайт. Стационарларга коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган атайын эсепке түшкөн каражатка керебеттер алынган.