Жаңылыктар
Казакстан Өзбекстанга жардам иретинде 600 тонна ун жөнөтөт
Дүйнө
Казакстан Өзбекстанга жардам иретинде 600 тонна ун жөнөтөт

Казакстан гуманитардык жардам иретинде Өзбекстанга азык-түлүк жөнөтөт.

Тиешелүү токтомго 20-июлда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин кол койгон.

Казакстан коңшу өлкөгө 600 тонна ун, 250 тонна гречка, 100 миң литр өсүмдүк майын жана 50 миң банка сүт консерваларын жөнөтөт.

Гуманитардык жүктү жеткирүү милдети Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигине жүктөлдү.