Жаңылыктар
ӨКМ: өлкөдө 24-28-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: өлкөдө 24-28-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкөдө 24-28-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу коопсуздук үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл. 

Адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү кызматтарга жеткирилген.