Жаңылыктар
Түркиядагы Айя-Софьяда алгачкы жолу жума намазы окулат
Дүйнө
Түркиядагы Айя-Софьяда алгачкы жолу жума намазы окулат

Бүгүн, Түркиядагы Айя-Софья мечит болуп өзгөртүлгөндөн бери алгачкы жолу жума намазы окулат. 10-июлда Түркиянын Стамбул шаарында Султан Ахмед мечитинин маңдайындагы Айя-Софиянын музей макамы жокко чыгарылып, мечитке айландыруу чечими кабыл алынган. Мындай жарлыкка өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган кол койгон. 

Мындан ары Айя-Софья дин иштери боюнча башкармалыгынын көзөмөлүнө өтүп, мечит катары колдонулмакчы. Музейди мечитке өзгөртүү чечими православдык өлкөлөрдүн нааразычылыгын жараткан. Ал эми ислам чөйрөсү муну кубануу менен кабыл алды. Имараттын ичиндеги православдарга тиешелүү болгон түстүү жасалгалар жок кылынбай тургандыгы айтылган, бирок кандай шартта сакталары азырынча белгисиз. Айя-Софья алгач православ чиркөөсү, кийин мечит, андан соң дүйнөгө белгилүү музейлердин бири болуп келген. Айя-Софьянын ичинен мусулман динине тиешелүү да, христиан динине тиешелүү да сүрөттөрдү жана жазууларды көрүүгө болот.