Жаңылыктар
Дүйнө чемпиондору Майк Тайсон менен Рой Жонс сентябрда беттешет
Спорт
Дүйнө чемпиондору Майк Тайсон менен Рой Жонс сентябрда беттешет

Бокс боюнча мурдагы дүйнө чемпиондору Майк Тайсон менен Рой Жонстун кезектеги беттеши 12-сентябрда Калифорнияда өтмөй болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, беттеш 8 раунддан туруп, Калифорния штатынын спорттук комиссиясы тарабынан макулдашылган. Тайсон май айында рингге чыгуу ниетин билдирип, кайрымдуулук жана муктаждарга жардам берүү үчүн кандай атаандаш болсо да беттешүүгө даяр экенин жар салган. 54 жаштагы мушкер аралаш мушташ спортунун чебеири Рафаэль Кордейру менен машыгып жатканы айтылган. Тайсон бир нече жыл бою бокстун WBA, WBC жана IBF версиялары боюнча чемпиону болгон. 

1986-жылы ал канадалык Тревор Бербик менен беттешип, экинчи раундда эсин оодара чаап, эң жаш дүйнө чемпиону аталган. Ал 58 мелдеш өткөрүп, элүү ирет жеңүүчү болгон. Анын ичинен 44 атаандашын нокаутка сулаткан. Алты ирет жеңилип, эки беттеши болбой калган. Акыркы жолу 2005-жылы рингге чыккан. Ал эми Жонс бир нече салмактагы титулдардын ээси. 51 жаштагы америкалык мушкер 66 беттештин 47син нокаут менен жеңип, 9 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Акыркы беттешин 2018-жылдын февраль айында өткөргөн.