Жаңылыктар
Дүйнөлүк шахмат боюнча эл аралык FIDE олимпиадасы онлайн форматта өтөт
Дүйнө
Дүйнөлүк шахмат боюнча эл аралык FIDE олимпиадасы онлайн форматта өтөт

25-июлдан 30 -августка чейин дүйнөлүк шахмат боюнча эл аралык FIDE олимпиадасы онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын шахмат федерациясынан билдиришти. Маалымсатка ылайык, мелдешке жалпысынан 163 улуттук команда катышат. Шахмат олимпиадасы англис, орус, испан, немец, француз жана кытай тилдеринде баяндалып турат. Ар бир курама командада 3 эркек 3 кыз-келиндер болуп алты катышуучу болот. Алардын жаш курагы 20 жашка чейин болушу керек. Мелдештин эрежесине ылайык, Кыргызстандын курама командасы 12-августта оюнга катышат.