Жаңылыктар
Автоунаанын жарылуусунан жаракат алгандардан дагы экөө каза тапты
Кырсык
Автоунаанын жарылуусунан жаракат алгандардан дагы экөө каза тапты

Бишкекте газ ташыган автоунаанын жарылуусунан жаракат алган дагы эки жаран каза тапты. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди. 

Каза тапкандар 47 жаштагы жаран денесинен 100 пайызы күйүп калган Кошмуратов менен 46 жаштагы Бүркүт Абдрахманов. Буга чейин өрттөн жабыркаган 26 жаштагы Абесов каза болгон.

Айта кетсек, 6-июнь күнү Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан ишкананын аймагында техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандан улам газ ташыган автоунаа жарылып кеткен. Жыйынтыгында ондон ашуун адам жабыркаган. Азыр алардын 3өө оор абалда реанимацияда жатат. 

Ооруканадан кабарлашкандай, учурда жабыркагандарга кан керек болууда. Буга байланыштуу, саламаттык сактоо министрлиги кайдыгер эмес жарандарды жардам берүүгө чакырат. Эгерде кимде ким кан тапшыра турган болсо Республикалык кан борборуна келсе болот. 

Кан борбору ыктыярдуу кан тапшыруучуларды жекшембиден башка күндөрү эртең мененки саат 8ден 14:00гө чейин кабыл алат. Дареги Бишкек шаарындагы тынчтык проспектиси менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде. Же болбосо, 54 19 14 телефондоруна кайрылса болот.