Жаңылыктар
Жаңы окуу жылы аралыктан окутулат - Кыргызстан жаңылыктары
Билим
Жаңы окуу жылы аралыктан окутулат - Кыргызстан жаңылыктары

Эки башталгыч класстын окуу программасын толук жаттап окууну аралыктан жыйынтыктаган Минура Асылбекова билим берүүдөгү жаңы ыкма оңой эмес экенин моюнга алат. Экинчи жана биринчи классты аяктап жаткан балдары менен күн сайын телефондон сабак даярдап, тапшырма аткаруу өзүнчө убакытты талап кылып түйшүк жаратарын жашырбайт. 

Бир класста отуздан ашык балага талыкпай билим берип, түшүнбөгөн жерин кайра-кайра айткандан тажабаган мугалимдердин түйшүгүн ата-энелер жон тери менен сезди көрүнөт. Бирок балдардын ден-соолугу баарынан кымбат деген жаш эне абалды түшүнүү менен кабыл алды.