Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! 27-28-июль күндөрү нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! 27-28-июль күндөрү нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

27-июлдан 28-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Аткарылган иш-чаралар: Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 23-июль күнү Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.