Жаңылыктар
Акылбек Осмоналиев Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Осмоналиев Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

Премьер-министрдин  буйругуна ылайык, буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген Акылбек Осмоналиев Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. 


Анын ордуна, 2018-жылдан тарта Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратын жетектеп келген Балбак Түлөбаев барды.Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.