Жаңылыктар
Түркмөнстан: COVID-19дан өлгөндөрдүн эсебин жүргүзүү үчүн көз карандысыз портал ачылды
Дүйнө
Түркмөнстан: COVID-19дан өлгөндөрдүн эсебин жүргүзүү үчүн көз карандысыз портал ачылды

Түркмөн активистери Түркмөнстандагы COVID-19 курмандыктары жөнүндөгү маалыматтар камтылган вебсайт түзүштү.

Алар порталга коронавирустан өлгөн кишилердин саны, аты-жөнү, жаш курагы, дареги камтылган бейрасмий статистиканы жарыялоодо.

Бу сайтта ушул тапта COVID-19дан кайтыш болгон 18 кишинин аты-жөнү белгиленген.

COVID19TM вебсайтынын авторлорунун айтымында, Түркмөнстанда расмий турдө вирустан өлгөндөр жөнүндө маалымат жок болгондуктан, дал ушул порталды түзүү зарылдыгы келип чыккан. Сайт элге көбүрөөк маалымат жеткирүүгө багытталган.

Сайттын түзүүчүлөрү түркмөнстандыктарды COVID-19 инфекциясынан өлгөндөр тууралуу маалыматтары бөлүшүүгө чакырууда. Бул үчүн порталда «Маалымат жөнөтүү» көзөнөгү бар.

Өлкөдө вирус бар экенин тастыктай элек түркмөн бийлиги бул сайтта жарыяланган маалыматтар боюнча комментарий бере элек.