Жаңылыктар
Казакстанда бир суткада 1 494 кишиден вирус аныкталды
Дүйнө
Казакстанда бир суткада 1 494 кишиден вирус аныкталды

Казакстанда соңку бир суткада 1494 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 81 720га жетти. Казакстан бул көрсөткүч менен жалпы дүйнөлүк тизмеде Кытайдан кийинки орунга жайгашты. Инфекция өткөн жылдын соңунда дал ушул өлкөдөн тараган. Ишембиде Кытайда илдетке кабылгандардын жалпы саны 86 381ди түздү.

Казакстанда жалпы статистикага анализинен вирус табылып, бирок өлүмүнүн себеби катары пневмония көрсөтүлгөн жүздөгөн бейтап кошулган эмес. Июлдун ортосунда өлкө бийлиги өпкөсү кагынгандар менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын тизмеси бириктирилерин маалымдаган. Бирок өткөн аптада Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 1-августка чейин пневмония болгондор жана андан көз жумгандар жаңыртылган базага киргизилбей турганын айтты.

Министрлик өткөн жумада адам курмандыктарынын саны 610го жеткенин кабарлады. Коронавирус аныкталып каза болгон дагы 319 киши тизмеге кошулган жок. Бул алар башка оору менен да жабыркап жүргөнү менен түшүндүрүлдү.