Жаңылыктар
Ыктыярчылар Ржев шаарында орнотулган Советтик жоокердин эстелигине гүл чамбар койду
Кыргызстан жаңылыктары
Ыктыярчылар Ржев шаарында орнотулган Советтик жоокердин эстелигине гүл чамбар койду

Жеңиштин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралар уланууда. Россиянын “Достук маягы” долбоорунун ыктыярчылары өткөн аптада Ржев шаарында орнотулган Советтик жоокердин эстелигине гүл чамбар койду. 




“Достук маягы. Жеңиш күнү - бары үчүн!” үчүнчү улут аралык биримдик долбоорунун катышуучулары Советтик жоокердин эстелигине гүл чамбар койду. Иш-чарага коомдук жалпы россиялык “Кыргыз конгресс” уюмунун мүчөлөрү, Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Россиядагы Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.


Ржевдеги Советтик жоокердин эстелиги июнь айынын аяк ченинде ачылган. 25 метрлик жоокердин колодон жасалган айкели 10 метрлик мунарага орнотулган. Айкелчилер Ржевде салгылашкан жоокерлердин сүрөттөрүн дыкат изилдеп чыккан. Жоокерди турналар асманга алып учкандай элес калтырат.


Быйылкы жылы ыктыярчылардын тобуна Кыргызстандан 4 бала кошулган. Негизги тема Жеңиштин 75 жылдыгы болду. Ошондуктан, долбоордун катышуучулары болуп кайткан шаарлар да жөн жеринен тандалып алынган эмес. Ржев, Псков, Калининград, Волгоград менен Нальчик, Ржев - так ушул шаарларда кезинде аябагандай кандуу салгылаштар орун алган.



Ржев шаары немистик аскерлер тарабынан 1941-жылдын 24-октябрында басып алынган. Шаар 1942-жылдын январь айынан 1943-жылдын март айлары арасында бошотулган. Ушул жерде аябагандай жан чыдагыс, кандуу салгылаш жүрүп, эки тарап тең оор жоготууга дуушар болгон.


Ушул кандуу кармашта 400 миңге жакын советтик жоокер курман болгон. Дайынсыз жоголуп, туткунга түшкөндөрү да аз эмес. Жалпы жоготуу, жараат алгандар менен кошо, ар түрдүү маалыматтар боюнча 1 миллион 300 миң адамды түзгөн. Жазуучу Виктор Астафьевдин да Ржев салгылашы тууралуу: "Кан дарыядай агылып, өлүк тоодой үйүлдү",- деп айтканы бар.