Бишкек-Торугарт унаа жолунун 142-чакырымында сел жүрүп унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлининин маалымат кызматы билдиргендей учурда суу каптаган жолдун бөлүгү ачылып, унаалар токтоосуз өтүп жатат.
Тазалоо иштерине ӨКМдин куткаруучулары тартылган. 1 грейдер, 1 манипулятор жана кызматкерлер, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан 1 экипаж тартылып тазалашкан.