Жаңылыктар
“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү сот чечимине нааразы
Кылмыш
“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү сот чечимине нааразы

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү - Апрель окуясы боюнча 3-июнда өкүмдү угузган соттун чечимине нааразы экенин билдирип чыкты. Алардын айтымында, 7-апрелде каза болгон жарандарды өлтүрткөндөр жана буйрукту аткаргандар учурда эркиндикте жүрөт. Колунда куралы жок адамдарды аткандардын максаты стратегиялык объектти коргоо эмес эле чогулгандарды коркутуу болгон дейт алар. 

Ошондуктан биринчи кезекте кылмыштуу буйрукту аткаргандар жооп бериши керек, алардын буйрукту гана аткарганбыз деген актануулары жумшартуучу жагдай катары каралбашы керектигин кошумчалашты. 

Ал эми, ачыгын айта келгенде буйрук бергендер көз көрүнөө эле чет жактарда жүрөт. Бирок аларды эмдигиче алып келип эч ким жоопко тарткан жок дейт алар. Буга байланыштуу Жогорку сотко да кайрылабыз, керек болсо эл аралык сотторго да кайрылганга аргасыз болобуз дешет.