Жаңылыктар
Кой-Таш окуялары боюнча сот отуруму 29-июлга жылдырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таш окуялары боюнча сот отуруму 29-июлга жылдырылды

7-8-августтагы Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча соттук отурум Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда өтүүдө. Мамлекеттик айыптоочулар тобу билдиргендей отурум кайрадан айыпталуучулардын жактоочулары келбегендиктен шаршембиге жылдырылды. 

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. 

Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.