Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова өмүр бою 20 миң сомдон ай сайын стипендия алат
Спорт
Айсулуу Тыныбекова өмүр бою 20 миң сомдон ай сайын стипендия алат

Айсулуу Тыныбекова өмүр бою 20 миң сомдон ай сайын стипендия алат. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитети билдирди. Дүйнө чемпионун өмүрүнүн акырына чейин стипендия алуу тууралуу Өкмөттүн токтому 26-июнда чыкты. 

Мындай сыйды чоңдор арасында спорттун олимп түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондорунун баары алышат. Бүгүнкү күндө Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанда бул сыйга татыган жалгыз спортчу. 

Ал 2019-жылы Нурсултанда өткөн күрөш боюнча дүйнө чепионатында жеңүүчү болуп, Японияда өтө турган олимп оюндарына жолдомо алган. Тыныбекова өмүрүнүн акырына чейинки стипендияны учурдагы ийгиликтери үчүн стипендия мөөнөтү аяктагандан кийин алып баштайт.