Жаңылыктар
Германия Орусиянын G8 курамына кайтып келишине каршы экенин билдирди
Дүйнө
Германия Орусиянын G8 курамына кайтып келишине каршы экенин билдирди

Берлин Россиянын «Чоң сегиздикке» (G8) кайтып келишине каршы. Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас билдирди.

Анын айтымында, Москва бул эл аралык клубга кайтып келиши үчүн аннексияланган Крым маселесин чечип, Украинанын чыгышындагы согушту токтотушу керек.

Маас Россия башка өлкөлөргө Украинадагы, Сириядагы жана Ливиядагы куралдуу жаңжалдарды жөнгө салуу үчүн керек экенин, бирок бул үчүн «Чоң жыйырма» форматы ыңгайлуураак болорун кошумчалады.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путинди саммитке чакыруу туура болорун билдирген. Анын айтымында, «Чоң жетиликтеги» (G7) темалардын дээрлик жарымын Россиянын катышуусунда талкуулоо керек. Бирок клубдун башка катышуучулары Трамптын бул сунушун колдогон эмес.

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн «Чоң сегиздикке» кайтып барышына каршы эмес экенин айткан.

G7 эл аралык клубуна Улуу Британия, Германия, Канада, Италия, Франция, АКШ жана Жапония кирет. Россия бул уюмга 1997-жылы кошулган. 2014-жылы Крым аннексияланып, Украинанын чыгышында согуш башталгандан кийин Москванын клубдун ишине катышуусу убактылуу токтотулган.