Жаңылыктар
Түркиядагы жардыруунун себептери иликтенүүдө
Дүйнө
Түркиядагы жардыруунун себептери иликтенүүдө



Түркиянын Стамбул шаарындагы 10 кишинини өмүрүн алган жардыруудан кийин, полиция кызматкерлери атайын рейд жүргүзүп, иликтөө иштерин баштады. Түркиянын мамлекет жетекчилери болсо, жардыруунун себепкери сириялык адам болгонун билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ 12-январда Стамбулдун Султанахмед мечитинин жанындагы борбордун аянттагы жардыруудан 10 адам каза болуп, 15ке жакыны жарадар болушкан.

Жабыркагандардын көпчүлүгүн Германиядан, Норвегиядан, Түштүк Кореядан жана Перудан келген туристтер түзөт.Кошумча маалыматтарга ылайык, жардырууну  27 жаштагы сириялык жанкечти кылган.