Жаңылыктар
Пандемия башталгандан бери эл аралык уюмдардан өлкө бюджетине 333 млн доллар которулду
Экономика
Пандемия башталгандан бери эл аралык уюмдардан өлкө бюджетине 333 млн доллар которулду

Коронавирус пандемиясына байланыштуу эл аралык уюмдардын келген каражаттын жарымы бюджетке келип түшүп, алар тиешелүү багыттар боюнча бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт мүчөлөрү ыктыярчылар менен болгон жолугушууда билдирди. Жалпы жардамдын суммасы 773 млн доллар болсо, анын төрттөн бири грант, калган үч бөлүгү узак мөөнөттүү насыя каражаттары болуп эсептелет.

Пандемия башталгандан бери эл аралык уюмдардан өлкөнүн бюджетине 333 миллион доллар которулду. Анын 26 миллиону саламаттыкты сактоо тармагына, дагы 26 миллион доллар ишкерлерди колдоого жеңилдетилген насыя катары берилди. Мындан сырткары 100 миллион доллардан ашык акча социалдык тармактагы айлык акыларга сарпталды. Анын ичинде республикадагы 78 миң медицина кызматкерлеринин жана 100 минден ашык мугалимдердин айлык акысы да бар.