Жаңылыктар
Түркмөн активисттери Вашингтондо бир күндө үч жолу митинг өткөрүшөт
Дүйнө
Түркмөн активисттери Вашингтондо бир күндө үч жолу митинг өткөрүшөт

АКШда жашаган түркмөнстандык жарандар түркмөн өкмөтүнүн саясатына ачык түрдө каршы чыгууну улантышууда.

29-июлда Вашингтондогу түркмөн активисттери бир күнү дароо үч акция өткөрүшөт. Митинг Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), андан соң АКШ Конгрессинин, Түркмөнстандын АКШдагы элчилигинин кеңсесинин алдында өтөт.

Уюштуучулардын бири Ольга Чарыева митинг шаар бийлиги менен макулдашылганын билдирди.

Акция катышуучулары ДССУ, АКШ бийлиги жана Түркмөнстан элчилигинин өкүлдөрүнө кайрылуу жасоого ниеттенишүүдө.

"Суроо өтө көп. Жок дегенде өлкөдөгү коронавирус тууралуу айтып беришсин. Эмне үчүн алар коронавирус жөнүндө үн катышпайт, калкка эч нерсе айтышпайт. Алар беткап тагынууга мажбурлап, эл көп топтолгон жерлерге барууга тыюу салып, бирок мунун себептерин түшүндүрбөй жатышат", - деди Ольга Чарыева.

Түркмөнстан өлкөдө коронавирус бар экенин расмий түрдө мойнуна ала элек.