Жаңылыктар
БШК үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын расмий каттады
Шайлоо 2023
БШК  үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын расмий каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды расмий каттады. Мекеменин маалыматына караганда, 27-июлдагы отурумунда комиссия аларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. 

Тизмеге 210 массалык маалымат каражаты жана интернет-басылма кирди. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылма. 

Эфир убактысы, басма аянты жана интернет-басылмага жарыялоо укугу үчүн акы төлөө шарттары тууралуу маалымат Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланат.