Жаңылыктар
Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди
Саясат
Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Мындан ары шайлоолордо жарандардын добушун сатып алгандарга жана добушун саткандарга дагы бирдей жоопкерчилик каралат. Мындай өзгөртүү, толуктоолорду камтыган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Документте мындан сырткары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, административдик ресурс колдогон чиновниктерге, автоматтык добуш берүү системасын бузууга аракет кылган жактар үчүн катаал чаралар каралды.