Жаңылыктар
СOVID-19: Ошто бир нече имараттар дезинфекцияланды
Аймак
СOVID-19: Ошто бир нече имараттар дезинфекцияланды

2020-жылдын 28-июль күнү Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык Өлкө боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.


  • Жалпы Ош облусу боюнча: 24600 м² имараттар, 7000 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланды.
  • Тактап айтканда, Ноокат районунун Барын УДТ, Таш-Коргон күндүзгү стационарында, РОВД, жол көзөмөлдөө бөлүмдөрүндө жалпысынан 7000 погондук метр автоунаа жолдордо 14 000 м² имараттарда залалсыздандырылды.
  • Өзгөн районунда Райондук мекеме ишканаларда, банктарда ж.б. эл көп чогулган жайларды жалпы 550 м² имараттар дезинфекцияланды.
  •  Чон-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы мекеме-ишканаларда, азык-түлүк дүкөндөрүндө, жана борбордук базарда 5 200 м² жер залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.
  • Кара-Кулжа районунундагы шайлоо өтүүчү участоктордо 4 900 м² аянт жер залалсыздандырылып, өрт коопсуздугу боюнча түшүшдүрүү иштери жүргүзүлдү.