Жаңылыктар
Россиядан Кыргызстанга болгон чартердик каттамдардын саны көбөйөт - Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештер
Россиядан Кыргызстанга болгон чартердик каттамдардын саны көбөйөт - Кыргызстан жаңылыктары

Жакынкы күндөрү Россиядан Кыргызстанга болгон чартердик каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда. Бул арада аба жолдорун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр да жүрүп жатат. Бардыгы акырындап өз ордуна келип, өлкөдөгү коронавируска карата абал турукташкыча, жарандар мекенге кайтууда кезек күтүүгө туура келет. 

Коронавирус пандемиясы башталгандан берки өлкө жетекчилигинин негизги иштеринин бири да - чет жердеги жарандарды мекенге кайтарып келүү болду. Россия тууралуу кеп кыла турган болсок, март айынан бери Кыргызстанга 20 миңден ашуун жаран кайтып келген. 80ге жакын чартердик каттам ишке ашкан. Мындан сырткары атайын автобустар да уюштурулуп турду. Оренбург менен Самара облустарынан 2 жарым миң адам өлкөгө кайткан.