Жаңылыктар
Кычкылтек концентраторуна муктаждарды алдаган жаран кармалды - Кыргызстан
Кырсык
Кычкылтек концентраторуна муктаждарды алдаган жаран кармалды - Кыргызстан

Бишкекте бейтаныш жигит беш адамга кычкылтек концентраторун алып келип берүүнү убадалап, акчасын алгандан кийин из жашырып кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Криминалдык милиция кызматы бул ишке шектүү катары Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун 23 жаштагы тургунун кармаган.

7-июлда Биринчи май райондук милициясына Улан кичи районунун тургуну кайрылып, Максат деп тааныштырган жаран 300 долларын алып "кычкылтек концентраторун алып келип берем" деген бойдон качып кеткенин айткан. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин алдамчылык беренеси менен катталган. "Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү бул кылмыштан тышкары пандемия учурунда ооруга чалдыккан, кычкылтек концентраторуна муктаж болгон дагы беш кишини алдап, акчасын алып качып кеткени аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Учурда шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.